Бүгүн, 2025-жылдын 27-августунда, Бишкек шаарында жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Россия Илимдер академиясынын академиги, профессор Сергей Бойцов — академик Е.И. Чазов атындагы Улуттук медициналык изилдөө кардиология борборунун башкы директору (Москва ш.), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, М.Миррахимов атындагы УКТБнын директору Талант Сооронбаев, тажрыйбалуу кардиологдор жана ММК өкүлдөрү катышты.

Талкуунун негизги темасы — М.Миррахимов атындагы борбордун базасында заманбап, жогорку технологиялуу кардиология борборун түзүү болду.

Долбоор эл аралык тажрыйбалардын негизинде, анын ичинде Россияда ийгиликтүү колдонулуп жаткан «толук цикл» моделин эске алуу менен ишке ашырылууда. Жаңы борбор жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат.

Бул борбор ишке кирсе, жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүмдү азайтууга, калктын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстан менен Россиянын медициналык мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.

На базе НЦКиТ имени М. Миррахимова создаётся современная модель высокотехнологичного сердечно-сосудистого центра

Сегодня, 27 августа 2025 года, в городе Бишкек состоялся круглый стол по вопросам сердечно-сосудистых заболеваний. В мероприятии приняли участие академик РАН, профессор Сергей Бойцов — генеральный директор Национального медицинского исследовательского центра кардиологии имени Е.И. Чазова (г. Москва), заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики Каарманбек Байдавлетов, директор НЦКиТ им. М. Миррахимова Талант Сооронбаев, опытные кардиологи и представители СМИ.

Основной темой обсуждения стало создание на базе Центра им. М. Миррахимова современного высокотехнологичного кардиологического центра.

Проект реализуется с учётом международного опыта, включая успешно применяемую в России модель «полного цикла» оказания доступной и качественной медицинской помощи пациентам с тяжёлыми сердечно-сосудистыми заболеваниями. Новый центр будет оснащён современным оборудованием для ранней диагностики, эффективного лечения и профилактики ССЗ.

Ожидается, что запуск центра позволит сократить смертность от ССЗ, расширит доступ к качественной медицинской помощи и укрепит сотрудничество между медицинскими учреждениями Кыргызстана и России.